Ош шаарындагы Туран аймактык кеңешинин тургундары той-аштардагы ашыкча чыгымдарга каршы күрөшүүнү күчөттү. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда аталган аймактык кеңештин төрагасы Махамитин Хаджиакунов билдирди.
Анын айтымында, айрым ырым-жырымдарга тыюу салынды. “Чыгымдарга тыюу салынганына үч ай болду. Аткарылышын көзөмөлдөөгө атайын комиссия да түзүлгөн. Жакынкы күндөрдө чыгымдардын алдын алууга кайрадан курултай өтөт. Анда чыгымдарга бөгөт коюуга катуу чара көрүлүүчү иш мерчем иштелип чыгат”,- дейт ал.
Айта кетсек, иш-чара Кыргызстан дин башкармалыгынын жана муфтийдин тапшырмасынын негизинде өткөрүлүүдө.