Асылбек Жээнбековдун айтымында, көп тармакты камтыган артыкчылыктуу багыттарга байланыштуу маселелерди чечүүдө, эки тараптуу мамиледе жылыштар байкалууда. Ал эми бир нукка түшкөн парламенттер аралык мамилени токтотпостон андан ары жакшыртуу алаканы чыңдоодо маанилүү ролду ойноору калетсиз. “Парламенттер аралык комиссиянын кезектеги IV жыйынын күзүндө өткөрүүгө даярбыз. Жыйындын күн тартибинде Кыргызстан менен Казакстандын парламенттер аралык кеңешин түзүү маселеси каралат” деген спикер көп багыттуу кызматташууну өркүндөтүү жаатындагы ойлорун ортого салды.
Ушул жылдын 29-майында Астанада болгон Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында бекитилген жол картасы баарлашуунун жүрүшүндө көтөрүлдү. А.Жээнбеков Бажы биримдигине мүчө мамлекеттер, анын ичинде Казакстан Кыргызстандын аталган биримдиктин шарттарына ыңгайлашуусу үчүн көмөктөшүү ниетин ачыктаганына басым жасады.
Ал эми казак парламентинин жетекчиси өз кезегинде боордош Кыргызстанды бардык багытта колдоого дилгирлигин маалымдады. “Биз Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушун колдойбуз. Бул багытта ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даярбыз”,- деди К.Жакупов. Ошондой эле ТүркПАнын алкагында кызматташуу бул ассамблеянын курамындагы өлкөлөрдүн экономикалык, маданий-гуманитардык байланышын бекемдөөгө өбөлгө болорун айтты.