Бишкекте Түркия менен Кыргызстандын дин өкүлдөрү жолугушту

Бишкекте бүгүн, 13-июнда Түркия мамлекетинин Диянет иштери башкармалыгынын алдындагы Түркия диянет фондунун башчысынын орун басары Мазхар Билгин, Кыргызстандагы Түркия элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Орхан Генч жана Ош шаарына дин иштери боюнча келе турган Мустафа Шанвер Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында болушту. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Түркиядан келген дин өкүлдөрүн кабыл алып, борбордо курулуп жаткан Осмон Түрк усулундагы мечиттин курулушу, Оштогу ОшМУнун алдындагы теология факультети, имам лицейи жана алардын келечеги тууралуу талкуулашты.

Жолугушуунун алкагында Түркия диянет фондунун башчысынын орун басары Мазхар Билгин Бишкекте курулуп жаткан мечит 2015-жылы бүтөрүн, ал кыргыз элине түрк элинин чоң белеги боло тургандыгын, тарыхтан калыптанып келген иш тажрыйбаларынан кыргыз журтчулугуна да бөлүшүп иш алып бара тургандыктарын айтты. Ошондой эле эки өлкөнүн достук мамилелери мындан ары да өркүндөп өсө берүүсүнө тилектеш экенин билдирип, Куран китебин белек кылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан