Талас. Облус боюнча 9 айда издөөдө жүргөн 82 кылмышкер кармалды

 КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Таласбек Жамгырчиев билдиргендей, 2012-жылдын 9 айында облус боюнча жалпы өндүрүштө 651 кылмыш иши болсо, анын ичинен 579 кылмыш ишине тергөө амалдары жүргүзүлүп, 521 кылмыштын бети ачылган. 9 айдын аралыгында тергөө кызматкерлери тарабынан 501 кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилип, өзгөчө оор 39 кылмыштын бети ачылган. Мал уурулук боюнча 45 факты, үй тоноочулуктун 47 фактысы, алдамчылыктын 58 фактысы такталып, кылмыш кылган адамдар кармалган. Мындан тышкары издөөдө жүргөн 82 кылмышкер кармалган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан