Бишкекте коңшулары багып жүргөн кичине кыздын ата-энеси, туугандары изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, ушул жылдын 25-мартында Адель Абдрахманова аттуу айым коңшусуна өзүнүн 5 жаштагы Жансель аттуу кызын алып келип, кечке чейин карап турууну суранып, белгисиз тарапка кетип, ошол бойдон келген эмес. 1 жумадан кийин Адель Абдрахманова кызын таштап кеткен коңшусуна телефон аркылуу Казакстанда экенин айтып, Жанселди багып турууну, бул үчүн акча төлөп берерин убада кылган. Бирок ошол убактан бери Жанселдин туугандарынан да, ата-энесинен да эч кандай кабар жок болууда.
Укук коргоо кызматкерлери эгер жогорудагы Адель Абдрахманова же кичинекей Жанселдин туугандары тууралуу маалыматыңыздар болсо, 0 551 10-29-34 телефонуна кайрылып коюуну өтүнөт.