Газ көйгөйү: Кыргызстан Өзбекстанга татыктуу жооп кайтарабы?

Кыргызстандын түштүк аймагы эки айдан бери газсыз отурат. “Кыргызгаз” ишканасынын орусиялык “Газпромго” сатылышы азырынча мурунку өкмөт жар салгандай “жыргал жашоо” алып келе элек. "Газпром" менен келишим түзүүдөн мурун Өзбекстан менен келишимди узартып алуу керек эле. Мына ушундай олуттуу кемчиликтер кеткенин мезгил көрсөтүүдө. Муну азыркы өкмөт өкүлдөрү да моюнга алууга аргасыз. Өзбекстандын болсо жакында газ берчүдөй түрү жок...

 

“Кыргызгазды” сатуу тарыхынан...

“Кыргызгаз” ишканасын Орусияга сатуу маселеси 2012-жылы чечилген. 2013-жылдын 11-декабрында өкмөттөр аралык макулдашууну Жогорку Кеңеш ратификациялап, 2014-жылдын 10-апрелинде атайын келишимге “Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев менен “Газпром” ААКсынын башкаруучу кеңешинин төрагасы Алексей Миллер кол коюшкан. Муну менен "Кыргызгаз" бардык карыздары жана активдери менен кошо (газ түтүктөрү, газ бөлүштүрүүчү станциялар жана башкалар) "Газпромго" шарттуу түрдө 1 долларга сатылган.

Макулдашууга ылайык, "Газпром" Кыргызстанды үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылууну, Кыргызстандын газ берүү системинде оңдоп-түзөө иштерин жасоону, 5 жылдын ичинде Кыргызстандын газ тармагына 20 миллиард рубль инвестиция салууну моюнга алган. "Кыргызгаздын" бардык карыздарын жабуу да "Газпромдун" моюнуна жүктөлгөн.

Кыргызстан Өзбекстанга суу бербей коё алабы?

2014-жылдын 14-апрелинде Өзбекстан Кыргызстандын түштүк аймагына газ берүүнү эскертүүсүз токтотту. Ошол күндөн бери Ош менен Жалал-Абаддын тургундары газ плитасынын кулагын бурай элек. Ал эми өкмөт коңшу өлкөнүн өкмөтү менен байланыша албай убара. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Өзбекстан менен сүйлөшүүгө аракет кылып жатабыз, бирок биздин телефон чалууларга алар жооп бербей жатышат. Мен өзүм да чалып байланыша албай жатам. Бир нече жолу кат жөнөттүк, аларга деле жооп келе элек” деп билдирди парламент жыйындарынын биринде. Кыргыз өкмөтү Өзбекстандын газды бууп коюшун келишимдин мөөнөтү бүткөнү менен байланыштырды.

Кыргыз бийлигинде күтүүдөн башка айла жокпу? Анткени 60 миң абонентти эки айдан ашык газсыз калтыруу катардагы маселелердин бири эмес экенин мурдун жеңи менен аарчыган бала деле түшүнүп турбайбы.  

Депутаттар тарабынан түрдүү пикирлер айтылды. Бирок, албетте, Жогорку Кеңеш өкмөткө тапшырма гана бере алат, маселени чечүүнүн конкреттүү жолун сунуштабайт. Ошондон улам да спикер Асылбек Жээнбеков "күтүүдөн башка айла жок" деп алакан жайып отурат. “Кыргызстан газ көз карандысыздыгына жетишүү үчүн баары бир ушундай жолду басып өтүшү керек эле. Бул күндөр да өтөт, чыдайлы. Азыр жай мезгили. Эл электр энергиясы менен жашап турушу керек. Муну көп чуу кыла бербейли”,- дейт спикер.

Өзбекстандын мындай позициясын айрым депутаттар "кыргыз өкмөтүн тоготпостук" деп аташты. Бул жаңылык эмес, Өзбекстан тараптан ушул өңдүү мамиле буга чейин деле болуп келген. Коңшу мамлекеттин мындай мамилесине жооп кылып Өзбекстандын айдоо жерлерин суу менен камсыз кылуучу Наманган каналынан сууну бууп салуу сунушталды. Маселе дипломатиялык жол менен чечилиши керектигин айткан өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев акырын гана “сунуш жакпаганын” билдирди.

Өзбекстанды ийге келтирүүнүн бир жолу, балким, ушудур... Суу буулса коңшу өлкөнүн гектарлаган пахта талаасы жайдын бир күнкү ысыгына туруштук бериши кыйын. Мунун өзү, балким, Өзбекстан чиновниктерин +996... кодун терүүгө аргасыз кылмак... Анткени бир жылдык түшүмдөн кол жууп калуу 2 ай газсыз отуруудан он эселеп оор чыгым алып келет. Анын үстүнө мындай ыкма башыбыздан өткөн жана кайсы бир деңгээлде жемишин берген. Былтыр жайында жайыт талашы чыкканда кыргыз тарап Таластагы Киров суу сактагычынан Казакстанга кирчү каналды бууп салган. Алар 2008-жылы бекитилген Көк-Сай айыл өкмөтүнө караштуу 2600 гектар жерди Казакстандын Жамбыл облусунун Андреев айылы менен алмашкан макулдашууну жокко чыгарууну талап кылышкан. Буга казак тараптын "Чоң клин" тилкеси аркылуу кыргыздардын малын өткөрбөй чек араны жаап коюшу себеп болгон эле. Эгин талаасынын куурап калышын ойлогон казак тарап өз аймагынан 1,5 миң гектар жерди Кыргызстанга жайыт катары ижарага берүүгө макул болгон. 

Энергетика боюнча адис Карыпбек Алымкулов (сүрөттө) “Өзбекстанга суу бербей койсок болот, бирок мунун зыянын өзүбүз тартып калышыбыз мүмкүн. Түштүк жергесине свет берүү үзгүлтүккө учурашы ыктымал” деп билдирип, Кыргызстанда күтүүдөн башка айла жок экенин айтты. 

 

Сох анклавына газды бууп салуу жолу бар, бирок...

Парламенттеги отурумдардын биринде “Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев: Бизде да рычагдар бар, 27 миң жаран жашаган Өзбекстандын Сох анклавына газ Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт. Ал анклавга газды өчүрүп сала алабыз. "Газпром" дагы бир апта күтүп турууну, болбосо ушундай чара көрүүнү сунуштап жатат” деген эле. Бир апта эмес, 10 күн өттү, Кыргызстан андай кадамга барган жок. Энергетика тармагында Өзбекстандан толук көз карандысыздыкка жетмейинче Кыргызстан мындай радикалдуу чараларды жасабай турганы көрүнүп турат.

Юрист Жоомарт Жолдошов Кыргызстанда дипломатия аксап жатканын айтат. "Бизде Тышкы иштер министрлиги өтө алсыз болуп жатат, өкүнүчтүү. Газ көйгөйүн ультиматумдардын негизинде эмес, дипломатия менен чечүү керек. Бул маселеде бир тараптуу позицияны кармануу туура эмес",- деди Жолдошов. 

 

 

“Кыргызгаздын” башчысы Кулмурзаев жооп бериши керекпи?

"Кыргызгаз" орусиялык "Газпромго" сатылса, Өзбекстан тараптан ушундай реакция болорун алдын ала божомолдоп билүү кыйынга турмак эмес. Ал эми “Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмурзаев (сүрөттө) "мекемени сатуу-сатып алуу процесси мынчалык узакка созулуп кетерин билбедим" деп ийин куушурууда. Айтымында, “Кыргызгазды” “Газпромго” өткөрүүдөгү документ иштери бүтө элек. Парламент депутаты Кожобек Рыспаев “баары сонун болот деди эле, бирок убадасына турган жок” дейт. Мекемени сатууну баарынан да депутат Кожобек Рыспаев катуу колдоп чыккан. Айрым депутаттар макулдашуу долбоорунда кемчиликтер бар экенин, шашпай кароону сунуштаганда дал ушул Рыспаев так секирген. “Маселени кароону артка жылдыралы дегенибиз туура эмес, кыш келе жатат. “Кыргызгазды” 1 долларга эмес, бекер берсек да Кыргызстанга үзгүлтүксүз газ жеткирилип турганы жакшы да. Бизге газ керекпи же чириген газ түтүктөрү керекпи? Элге чириген газ түтүктөрү, аңгырап бош турган “Кыргызгаздын” имараты, анын ичинде отурган Тургунбек Кулмурзаевдин да кереги жок. Элге газ керек”,- деп күпүлдөгөн. 

Газ жоопкерчилигин моюнга алган "Газпром" дагы көйгөйдү чечүүнү эртелете албай жатышы суроо артынан суроо жаратат. Демек, баары убакыттан көз каранды. Ош, Жалал-Абаддын карапайым тургундарын саясий амбициялар кызыктырбайт, аларга газ гана керек.  

Эгер күтүүдөн башка айла жок болсо, анда өкмөт "мындай кырдаалдын түзүлүшүнө бул жетекчи күнөөлүү" деп кимдир бирөөнүн аты-жөнүн аташы керектир? Анткени бул кырдаал жооптуу кызматкерлердин кенебестигинин, күтүлүп жаткан маселенин алдын алууга жетиштүү аракет жасабаганынын айынан келип чыкты да. Эгер "баары жакшы" болсо, иштин баары ийне-жибине чейин такталса, кожоюн алмаштыруудан газ кризиси келип чыкмак эмес.   

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан