Талас облусунда бүгүнкү күндө 1 тонна көмүрдүн баасы
4000-4500 сомдун айланасында болууда. Ага карабай социалдык объектилерди, турак үйлөрдү жылуулук менен кышка даярдоо иштери аяктап калды. Облустун саламаттыкты сактоо
тармагына 517,4 тонна көмүр керектелсе, 2012-жылдын 1-ноябрына карата 400 тонна
көмүр ташылып келинген. Билим берүү тармагына 2252 тонна көмүр керектелсе,
учурда 2130 тонна көмүр түшүрүлгөн.