Бишкекте жума, ишемби жана жекшемби күндөрү жайкы сезонго карата Бишкек-Балыкчы каттамы менен “Бишкек I” станциясынан поезд жүрө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган күндөрү саат 06:25те жөнөйт. Ал эми 14-июлдан тарта поезд каттамы 31-августка чейин күн сайын каттамакчы.
Плацкарт вагону менен барып келүү акысы “Бишкек II” станциясынан Балыкчыга чейин чоңдор үчүн 69 сом, балдарга 35 сомду түзөт, ал эми ар бир орун 227,86 сом болмокчу.
Ошондой эле июль, август айларында кошумча вагондор чиркелип, аны менен эс алуучулар Боом капчыгайы аркылуу Балыкчыга чейин барышмакчы.