Жумгалдагы окуядан кийин камакка алынып, учурда ачкачылык жарыялап жаткан 3 адамдын жакындары президентке кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда аталган окуя боюнча абакта отурган Эсенгул Карагуловдун жубайы Дамира Садырбаева билдирди.
Кайрылууда “Карагулов Эсенгул, Эраж Кумарбеков жана Жээнбек Мусаев күнөөсүз камакта жатышкандыктан, ачкачылык акциясын башташты” деп жазылат.
Буга катар эле кайрылууда анык күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышы талап кылынып, “Эгер ачкачылык жарыялаган Карагулов, Мусаев, Кумарбековдордун ден соолугуна зыян келип, кырсыкка учурашса, сиздер жооп бересиздер. Сиздерди күнөөлөйбүз” деп жыйынтыкталат.
Эске салсак, 2013-жылдын 1-декабрында Кара-Кечеде Айбек Мамбеталиев каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү деп 3 милиция кызматкери камакка алынган болчу. 2014-жылдын 20-февралында алардын ишин Жумгал райондук соту караган. Бирок сот аягына чыкпай, маркум Айбек Мамбеталиевдин жакындары айыпталып жаткан милиция кызматкерлерине бензин чачышып, өрттөөгө аракет кылышкан. Жыйынтыгында айыпталуучулардын экөө катуу сабалып, биринин жансыз денеси 3 айдан кийин табылган эле.
Бул боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, Нарын шаардык соту 13 адамды камакка алган.