Маалыматка ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын коомдук байланыш кызматынын башкы адиси Айнура Темирова Талас активине жана коомчулугуна биометрикалык маалыматтарды топтоо жана анын максаты боюнча түшүндүрмө иштерин жүргүздү.
“КРнын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин же республиканын калкынын бирдиктүү автоматташтырылган персонификацияланган эсепке алуу системин түзүү үчүн биометрикалык маалыматтарды топтоо иштери жүргүзүлүүдө”,- дейт А.Темирова.
Учурда облустагы өкүл Койсун Курманалиеванын буйругу менен бирдиктүү маалыматташтырылган тутумду түзүү боюнча атайын штаб түзүлгөн. Анын алкагында биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча иштер башталды.