Ала-Букада аскер кызматындагы жоокер өзүн өзү атып салды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 17-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн Ала-Букадагы чек ара отрядында аскер кызматындагы жаран өзүн өзү ок атуучу курал менен атып алган. Кийин ооруканага бара жатып каза болгон. Аталган жаран 2013-жылы ыкчам кызмат өтөө үчүн аскер кызматына чакырылганы белгилүү болду.
Бул окуя боюнча Аскер прокуратурасынан маалымдашты.