Панфилов районундагы балдар спорт-мектебинин жооптуу кызматкерлерине 268 миң акчанын айынан кылмыш иши козголду

Чүй облусунун Панфилов райондук прокуратурасы аталган райондогу балдар спорт-мектебинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратура билдиргендей, мектептин жооптуу кызматкерлери 268 миң 084 сом акчаны өз кызыкчылыктарына коротуп жибергендиги үчүн айыпталууда. Республикалык бюджеттен 1 миллион 171 миң 340 сом которулса, анын 903 миң 256 сому гана мектептин кассасына түшкөн. Ошондо 268 миң 048 сом дайынсыз сарпталган. Учурда бул окуя боюнча “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамына ылайык кылмш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан