Бүгүн, 18-июнда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Кореядан келген делегаттар менен жолугушуу өткөрүлдү. Ага Кореядагы Кыргызстандын элчиси Дүйшөнкул Чотонов, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Сеул шаарындагы клиниканын башчысы Ха Хон Ён жана кореялык медицина клиникасынын адистери катышты. Бул тууралуу КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Ош окуясында жабыр тарткан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскери Жусупбек Акпарали уулуна түштүк кореялык врачтар дарылоого көмөк көрсөтөрүн билдиришти. Анда катышуучулар максатка ылайык операция жүргүзгөнгө мүмкүн экенин белгилешти.
Дарыгер Ха Хон Ёндун айтымында, Жусупбек Акпарали уулундагы ачык жаракаттарды комплекстүү айыктыруу үчүн баштапкы даярдоо этабынан өткөрүү керек. “Ачык жаракаттарды айыктыруу процесси организмди негизги операцияга даярдоо үчүн 2-3 айды талап кылат”,- деп билдирген ал.
Белгилүү болгондой, 23-июнда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда кайрымдуулук акциясы өткөрүлөт. Концерттен чогулган каражат Жусупбек Акпарали уулуна тапшырылат.
Эске салсак, Жусупбек Акпарали уулу 2010-жылдын 11-июнь күнү Ош шаарындагы баш аламандык учурунда күзөттө турган мезгилинде ок тийип, жаракат алган. Ал 1-топтогу майып болуп калган.