Бүгүн Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда жарык өчүрүлдү

Бүгүн, 19-июнда Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда жарык өчүрүлдү. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы маалымдады.

Белгилүү болгондой, “Ставропавловка”, ”Бирлик” электр өткөргүчтөрүндө, Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда жайгашкан көмөк чордондорунда оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканына байланыштуу аталган аймактарда электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. 

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин 4-кичи районунда, Бөкөнбаев, Шопоков, Үсөнбаев, Чокморов, Байтик баатыр көчөлөрүндө, ошондой эле Чүйдүн Васильев, Бирлик айылдарында, Кара-Балта шаарынын (Гвардейская, Жданов, Октябрь, Свердлов көчөлөрүндө), Степное, Ставропавловка айылдарында электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан