Кытайлык миллиардер Чэнь Гуанбяо жардамга муктаж 1000 америкалыкты Нью-Йорктогу борбордук сейил бакка акысыз түштөнүүгө чакырды. Ал өзгөчө кадамы менен америкалыктардын бай кытайлар жөнүндө көз карашын өзгөртүүгө жана мекендештерине колу ачыктыкты көрсөтүүнү көздөп жатканын айткан. Бул тууралуу 18-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Акция 25-июнга белгиленип, келгендерге акысыз тамак эле эмес, 300 доллар салынган конверт белекке берилет. Алар миллиардердин аткаруусундагы ырды гана угуп бериши керек. Учурда 250 адам акцияга катышарын билдирген. Чэнь Гуанбяо калган жарандардан да ошондой жоопту күтүп жаткан чагы.