Бүгүн, 18-июнда Бишкектеги Свердлов районуна караштуу Кайыңды конушунда 50 балага ылайыкталган бала бакчага капсула салуу аземи өткөрүлдү.
Свердлов райондук администрациясынын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, бала бакча Кайыңды, Ак-Тилек, Ак-Тилек-2, Ак-Тилек-Турбаза конуштарынын тургундарына каралган.
Иш-чарага Свердлов райондук администрациясынын башчысы Алтынай Өмүрбекова, Өнүктүрүү жана инвесторлорду тартуу агенттигинин директорунун милдетин аткаруучусунун орун басары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жумабек Салымбеков катышты.
Белгилей кетсек, имарат 2015-жылы колдонууга берилет.