20-22-июнда Кыргызстандагы “Кашка-Суу” туристтик базасында “Орто Азияда эркин билдирүү” темасынын алкагында адам укуктарын коргоо боюнча жайкы мектептин 4-сессиясы өткөрүлөт.
“Жайкы мектеп - адам укуктарын үйрөтүүгө багытталган Орто Азиядагы биринчи окуу борбору. Биз адам укуктары боюнча бийик деңгээлдеги билим берүүгө умтулбайбыз. Болгону новатордук изилдөөлөрдү киргизүүгө, мектеп окуучуларынын жана студенттердин арасынан лидерди өстүрүү потенциалын жогорулатууга салым кошобуз",- деп билдиришет уюштуруучулар.
Жайкы мектепте эл аралык, регионалдык, жергиликтүү деңгээлде адам укуктарынын концепциясы боюнча лекциялар өткөрүлөт. Мындан тышкары кедейчилик, коопсуздук, гендердик теңдик, эркиндик, балдар, дискриминация, ден соолук, тынчтык, зордук-зомбулук, айлана-чөйрө, спорт, эмгек жана башка жалпы 15 тема каралат.
Сессияга Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстанда окуган студенттер катышат. Иш-чараны эл аралык Пен-борборунун регионалдык субъектиси болгон орто азиялык Пен-клубу уюштурууда.
Эл аралык Пен-клубу 1921-жылы түзүлгөн. Бул жазуучулардын укугун коргогон Бүткүл дүйнөлүк уюм. Ал дүйнө жүзүндөгү жазуучулар арасында достукту чыңдоо, идеясы үчүн куугунтукка кабылган жазуучулардын эркиндигин коргоого багытталган.