18-июнда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси
Анарбай Алимбеков Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айылдарындагы ИИМдин атайын даярдыктагы полкунун жана Баткен ОИИБинин кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Анда коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана чек ара айылдарында ар кандай чагымчыл күчтөрдүн аракеттерине жол бербөө максатында профилактикалык иштерди жүргүзүү жана ок атуучу куралды мыйзам талаптарын сактоо менен колдонуу жагын эскертип, кызматтык окууларды өткөрдү.