Ысык-Көл районунда бир туристтик сезондо эл аралык деңгээлде 100 иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.
Маалым болгондой, көптөгөн семинарлар, форумдар, спорттук таймаштар курорттук зоналарда уюштурулат.
Алардын 20га жакыны мамлекеттик жана өкмөттүк деңгээлде болсо, калган 80 иш-чараны көз карандысыз, эл аралык уюмдар уюштурат.
Коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн милиция кызматкерлеринин катышуусу талап кылынат. Мындан улам жайкы туристтик сезонго карата ИИМ тарабынан кошумча күч катары 150 милиция кызматкери жана 6 Жол-кайгуул кызматынын экипажы жөнөтүлгөн.