Алайда тосулган жолдон улам туристтик компаниялар жапа чегишүүдө

Ош – Эркеч-Там унаа жолу камакта отурган Ахматбек Келдибековдун тарапташтары тарабынан тосулганынан улам туристтик компаниялар жапа чегишүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-июндагы маалымат жыйынында "Жибек Жолу - туризм" ассоциациясынын башчысы Владимир Комиссаров билдирди.

Анын айтымында, жакында Алай районунда буулган жолдун айынан чет өлкөдөн келген туристтер кыргыз-кытай чек арасында 1 жумага жолдо калышкан. “Эл аралык туристтик операторлор кыргызстандык турфирмаларга айып салышууда. Мындан тышкары алар “программаларды жаап салабыз” деп коркутушууда. Ош  Эркеч-Там унаа жолун ачуу боюнча биз президентке, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө кайрылуу даярдадык”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан