Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалганын Ички иштер министрлигини басма сөз кызматы билдирет. 15-январда саат 20:00 чамасында Ак-Суу РИИБине киши өлүмү менен коштолгон кырсык тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон Теплоключенко айылына ыкчам тергөөчү тобу барып, жергиликтүү тургун М.А. аттуу жарандын жансыз денесин табышкан. Аталган жарандын апасы жаракат алып ооруканага жеткирилгендиги белгилүү болгон. Укук коргоо кызматкерлери кылмышка шектүү М.А. аттуу жаранды колго түшүрүштү. Учурда кылмыш ишин козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.