Талас. Облуста быйыл төө буурчак менен картошка былтыркыдан көп жыйналды
Талас облусунда 2012-жылдын жазында 45 431 гектар жерге төө
буурчак, 1552 гектар
жерге май өсүмдүктөрү (негизинен сафлор), 4833 гектар жерге жүгөрү,
3651 гектарга жашылча, 44 гектара бакча өсүмдүктөрү
эгилип, өстүрүлгөн. Бүгүнкү күндө бардыгы жыйналып алынып, төө буурчактын дүң түшүмү 81 450 тоннаны
түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 8106 тоннага көп.
Былтыркы жылга салыштырмалуу 5884 тонна арпа, 5074 тонна
картошка көп жыйналды. Ошентип, кант кызылчасынан башкаларынын баары жыйналып, дыйкандар кирешесин эсептеп
жаткан кези.