Бүгүн, 20-июнда саат 10:00дө Бишкектеги Улуттук китепканада бош орундар жарманкесинин ачылышы болду. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы уюштуруп жаткан иш-чарага катышкан жумуш берүүчү уюмдар жана ишканалардын саны - 42.
Иш-чаранын ачылышында КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымбеков сөз алып, бул иш-чаранын максаты жаштарга туура кесип тандоого жардам берүү экенин жана ар бир кесипте ийгилик жаратуу мүмкүн экенин белгиледи.
Кошумчалай кетсек, жарманке саат 12ге чукул жыйынтыкталат.