Ажылык сапарга аттангандардын биринчи каттамы бүгүн учуп келет
Бүгүн саат 16:50дө ажылык сапарга аттангандардын биринчи каттамы Ош шаарына учуп келерин Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Меккеге жалпысынан 23 каттам аткарылган, эми 17-ноябрда бардык каттамдар аяктайт. Кошумчалай кетсек, быйыл Мекке шаарында 5 кыргызстандык зыяратчы көз жумду.