Оштогу "Сулайман-Тоо" музей-комплекси туристтерди кабыл алууга даяр. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда комплекстин башкы директору
Абдраим Тургунбаев билдирди.
Анын айтымында, туристтер май айында эле келе башташкан. Алардын саны күн санап өсүүдө.
"Өткөн жылы 107 миң адам биздин музейге кирген болсо, алардын 3 миңи алыскы өлкөлөрдөн келгендер",- дейт.
Айта кетсек, Сулайман тоонун айланасы 134 гектар жерди ээлейт. Ал өзгөчө корукка алынган.