Алайдагы тосулган Эркеч-Там унаа жолу толугу менен ачылды. Бул тууралуу 22-июнда
Ахматбек Келдибековдун жактоочусу
Керимбек Сарыбашев билдирди.
Анын айтымында, жолду ачканга үч себеп болгон. "Тосулган жолду ачуубуздун үч себеби бар. Биринчиден, Ахматбек Келдибеков өзү жолду ачууну суранды. Экинчиден, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков келип, кан төгүлүп кетпесин деп суранышты. Ал эми үчүнчү себеби Орозо айынын келип калганына байланыштуу",- деди ал.
Айта кетсек, ЖКнын депутаты Ахматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу талабы менен Алайдын Сопу-Коргон айылынын тургундары 27-майдан бери Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турушкан эле.