Чүйдөгү байыркы шаар калдыктары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди

Катардын борбору Доха шаарында өтүп жаткан ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар боюнча өкмөттөр аралык комитетинин кезектеги 38-сессиясында Чүйдөгү байыркы шаар калдыктары дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди. Бул тууралуу 22-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков маалымдады.

Анын айтымында, ЮНЕСКОнун кароосуна Чүй өрөөнүндөгү Улуу Жибек Жолунун тутумунда жаткан байыркы шаарлар Суяб, Баласагын, Невакет сунушталган. Булар боюнча ЮНЕСКО талап кылган бардык тиешелүү документтер, тарыхый маалыматтар, археологиялык табылгалар боюнча илимий иштердин жыйынтыктары тапшырылган.

Белгилей кетсек, буга чейин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Ош шаарындагы Сулайман тоо киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан