Алайда 27-майдан бери тосулуп турган Ош - Эркеч-Там унаа жолу толугу менен ачылды. Мындан ары алар акциясын жол жээгинде улантышары айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Ахматбек Келдибековдун тарапташтарынын бири Жаркынбай Косонов SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, жол ачылганы менен, Келдибековду бошотуу талабы улантылат.
“Ахматбек Келдибеков өзү Орозо айынын келип калганына байланыштуу туугандарым кыйналып калбасын деп жолду ачууну суранды”,- деди Косонов.
Эскерте кетсек, депутат Ахматбек Келдибековду абактан чыгаруу талабы менен Алайдын Сопу-Коргон айылынын тургундары 27-майдан бери Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турушкан болчу.