"Альфа Телеком" ишканасынан алдамчылык менен 500 миң Америка долларын алып чыгып кеткен" деген айып менен соттолгон Раушан Рыкунова шарттуу түрдө эркиндикке чыгарылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан бүгүн, 23-июнда билдирилди.
Белгилүү болгондой, Раушан Рыкунова шарттуу түрдө эркиндикке чыгарылган. Бирок ал Жаза аткаруу мекемесинин көзөмөлүндө белгилүү убакытка чейин болот жана ал убакыт аралыгында аталган жаран тарабынан мыйзам бузуу каттала турган болсо кайрадан абакка алынып барат.
Эске салсак, “Альфа Телеком” ЖАКы боюнча айыпталып жаткан Раушан Рыкунова 9 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган.
Маалыматка караганда, Рыкунованын жаза мөөнөтү узартылган. Анткени биринчи инстанциядагы сот анын жаза өтөө мөөнөтүн 7 жыл деп туура эмес эсептеген. Сот өкүмүнө ылайык, ал жазасын аялдардын түзөтүү колониясында өтөп келген. Ал жогоруда аталган компаниядан 500 миң АКШ долларын чыгарып кеткен деп айыпталып жаткан.
Ошондой эле күйөөсү Влад Рыкунов жана сиңдиси Айнура Сим 6 жылга эркинен ажыратылган.