"Кыргызстандын SOS балдар айылдары" коомдук фонду "Ош шаарындагы бала асырап алуучу үй-бүлөлөрдүн маалымат-ресурстук борбору" долбоорунун алкагында бала асырап алууну каалаган ата-энелерге он күндүк базалык окуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда аталган фонддон билдиришти.
Анда окуудан өткөн 9 ата-энеге сертификат тапшырылып, алар фостердик ата-эне болуу укугуна ээ болушту.
Айта кетсек, долбоор КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан каржыланды. Ал эми сертификат колуна тийген ата-энелерге балдарды берүү жакынкы аралыкта ишке ашырылат.