20-июнда Бишкектеги Улуттук китепканада өткөрүлгөн бош орундар жарманкесинде 506 адам жумуш менен камсыз болсо, 1032си консультациядан өтүшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда КРнын Эмгек, жаштар жана миграция министрлиги билдирди.
Бул иш-чаранын максаты - жаштарга туура кесип тандоого жардам берүү жана ар бир кесипте ийгилик жаратууга мүмкүнчүлүк түзүү.
Жарманкеге Бишкек шаарынан 46 жумуш берүүчү, Чүй облусунан 8 ишкана жана кесиптик окуу жайлардын кызматкерлери катышкан. Жумуш издегендерге 423 ишканадан 4721 орун сунушталган.