Жогорку Сотто Дмитрий Цойдун баш коргоо чарасы 25-июнда каралат. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 23-июнда Жогорку Сотто ишкер Дмитрий Цойдун баш коргоо чарасы каралмак. Бирок ал жактоочунун өтүнүчү менен 25-июнга жылдырылган.
Айта кетсек, “паспорт падышасы” атыккан Дмитрий Цой 2014-жылдын 6-май күнү адам өмүрүнө кол салуу фактысына шектелип кармалган. Биринчи Май райондук соту “Интел-Линкс” жоопкерчилиги чектелген коомунун экс-директору Дмитрий Цойго карата баш коргоо чарасын карап, 2014-жылдын 6-июлуна чейин абакта болуу чечимин кабыл алган. Бирок ага айыпталуучунун жактоочусу макул болбой шаардык сотко кайрылган. Бишкек шаардык соту 26-май күнү Биринчи Май райондук сотунун 8-майдагы чечимин күчүндө калтырган эле. Мындан улам ишкердин жактоочусу Жогорку Сотко кайрылган.
Учурда ал Бишкектеги №1-СИЗОдо отурат.