24-июнда парламенттеги Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан “2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергияларына орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө” маселе каралды.
Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, 2013-жылдын жыйынтыгы менен энергетикалык компаниялардан кирешеси 11,4 миллиард сомду түзсө, чыгашасы 16 миллиард сомду түзгөн. Мындай жагдай үстүбүздөгү жылы да күтүлүүдө. Ага байланыштуу “2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергияларына орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө” маселе сунушталууда. Аны менен ички рыноктогу маселелер жөнгө салынмакчы. Алардын бири электр кубатына болгон тарифти өзгөртүү болуп саналат.
“Бир фазалуу электр эсептегичтерди колдонгон абоненттер жалпы колдонуучулардын 96 пайызын түзөт. Ал эми калган 4 пайызы үч фазалуу электр эсептегичтерди колдонгон абоненттер болуп саналат. Бирок кышкы сезондо жалпы электр кубатынын 48 пайызын дал ушул үч фазалуу электр эсептегичтериндеги абоненттер колдонот. Буга ылайык, 3 фазалуу электр эсептегичтери барларга тарифти 1 сом 20 тыйын деп көтөрүү сунушталууда. Ал эми бир фазалуу электр эсептегичтерди колдонгон абоненттер үчүн тариф 70 тыйындан көтөрүлбөйт”,- дейт Артыкбаев. Тарифтик өзгөрүүлөр жыл ичиндеги инфляцияга жараша да болорун кошумчалады.
Депутат Нарынбек Молдобаев электр тармагындагы көйгөйлөрдү эске алганда тарифти көтөрүүгө каршылыгы жоктугун, ошол эле маалда инфляцияга жараша көтөрүү сунушу менен коррупцияга жол ачылып калышы мүмкүндүгүн айтып, инфляцияга жараша көтөрүүнү алып салууну сунуштады.
Жыйындын жүрүшүндө бир фаза, эки фаза деп бөлбөй, тарифти баарына бирдей көтөрүү сунушу дагы айтылды. Депутат Азамат Арапбаев: “Электр кубатынын дээрлик жарымын жалпы колдонуучулардын 4 пайызды түзгөн 3 фаза колдонгондор пайдаланса, эмне үчүн текши баарына бирдей тариф көтөрүлүшү керек?”- деп каршы чыкты.
Талкуунун соңунда 2014-2017-жылдарга электр энергиясына карата орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын долбоору жөнүндөгү КР Өкмөтүнүн сунушун парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.