“Кумтөр” кенинде алтынды жер астынан казуу мүмкүн эмес”,- дейт парламенттин 25-июндагы жыйынында Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев. Айтымында, мындай ыкма менен иштөө “Центеррага” пайдасыз. “Алар 1 сом киреше табыш үчүн 2 сом чыгаша кылууну каалабайт. Биз деле жер астынан иштөө керектигин айтып келе жатабыз”,- деди өкмөт өкүлү. Чиновниктин мындай билдирүүсү депутаттарды кызуулантты. Депутат Улукбек Кочкоров: "Пулуң болсо, кулуңмун" деген принципти качан таштайбыз? Иштетпесе иштетпей эле койсун, консервация кылсын. Мөңгүлөрдү талкалоого жол бербешибиз керек. Элдин каймактарыбыз деп ушул жерде отурабыз, бирок кылган ишибиз кандай болууда? Биз жооп берчү күндөр да келет, урпактарды ойлойлу",- деди.
Айта кетсек, парламентте "Кумтөрдөгү" тоо-кен иштерине байланышкан "Суу кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралууда.