Кыргызстанда ишкерлердин басымдуу бөлүгү “социалдык чегерүүлөрдүн тарифтик ставкалары жогору” дешүүдө

Кыргызстанда ишкерлердин басымдуу бөлүгү социалдык чегерүүлөрдүн тарифтик ставкалары жогору экенине нааразы. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Өкмөт үйүндө өтүп жаткан ишкерлик жана инвестициялар боюнча кеңешинин кезектеги отурумунда айтылды.

Маалыматка ылайык, сурамжылоо 2014-жылдын июнунда Бишкек жана Ош шаарларындагы ишкерлердин арасында жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча ишкерлердин 80 пайызы "социалдык чегерүүлөрдүн тарифтик ставкалары жогору" дешсе, "14 пайызы канааттандырарлык" деген баа беришти.

Ишкерлер “социалдык чегерүүлөрдү төлөө процессин жеңилдетиш үчүн бирдиктүү төлөм документин киргизүү же төлөм терминалдары аркылуу иш жүргүзүү туура” деген пикирлерин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан