Кыргызстанда 2014-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча алдынкы көрсөткүчтөргө 53 мектеп бүтүрүүчүсү жетип, алардын 30у кыздар, ал эми 23ү уландар болуп чыкты.
Мындан тышкары алтын сертификат алуучулардын 50сү Бишкек шаарындагы мектептерде окугандар болсо, калган үчөө Ош, Кара-Балта шаарларынын жана Кадамжай районунун бүтүрүүчүлөрү.
Айта кетсек, буга чейин SUPER.KG порталы 53 алтын сертификат алуучулардын 15и Бишкектеги №61-мектеп-лицейдин бүтүрүүчүлөрү экенин маалымдаган.