“6 жашар Милана аттуу кызды унаасы менен сүзүп өлтүргөн” деп шектелген 26 жаштагы Алмагүл Иличбекованын атасы Иличбек Толкубаев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде аталган кылмыш иши боюнча тергөөчү Бактыгул Мамбетакуров билдирди. Анда ал "И.Толкубаев айдоочулук күбөлүгү жок кызына рулду башкартып койгондугу үчүн кармалды. Ага да тиешелүү чаралар көрүлөт" деди.
Эскерте кетсек, 26-июнда маалымат жыйынында "Кызымдын өлүмүнө себепкерлер жазасын албай жүрүшөт" деп 6 жашар Милананын апасы Райхан Каримова билдирген. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 8-июнь күнү саат 18:00 чамасында Ысык-Ата районуна караштуу Достук айылында 26 жаштагы Алмагүл жол жээгинде ойноп жүрүшкөн 5 баланы сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен Милана алган жараатынан улам ооруканада каза болгон.