30-июнда саат 12:00дө шаардык "Тартуга" бассейнинде балдар жана өспүрүмдөр үчүн сууга түшүү мезгилинин ачылышы өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага 100 баланын жана өспүрүмдүн катышуусу белгиленүүдө. Катышуучулар үчүн сынактар, оюн-зооктор уюштурулат. Аны менен катар концерттик программа тартууланат.
Белгилей кетсек, буга чейин сууга түшүү мезгили шаардын Свердлов жана Ленин райондорунда ачылган болчу.