Жалал-Абад шаарына үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында 4191 эс алуучу келген

Жалал-бад шаарына үстүбүздөгү жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен 4191 эс алуучу келген. Бул тууралуу шаардык мэриянын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салыжан Умаров билдирди. 

Анын берген маалыматына караганда, негизинен эс алуучулар шаардагы «Мөл-Мөл», «Ала-Арча», «Алтын-Ордо», «Дастан», «Жалал-Абад», «Спутник» мейманканаларына жана «Жалал-Абад» санаториясына, облустук балдардын ден соолугун калыбына келтирүүчү «Бакыт» борборуна келишкен.

Ошондой эле былтыркы жылга салыштырмалуу 621,1 миң сомдук салык көп түшүп, өсүү темпи 103 пайызды түзгөн.

«Аткарылган иш-аракеттердин натыйжасында шаарыбыздагы мейманканаларга келген саякатчыларга жана эс алуучуларга жакшы шарттар түзүлүп, бүгүнкү күндө жакшы абалда жана туристтерге жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүүгө жетише алышты»,- дейт С.Умаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан