Тегерек столдун максаты 2012-2014-жылдарга карата КРнын социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууга жүргүзүлгөн баалоо менен мониторингдин жыйынтыгын сунуштоо жана ошондой эле 2015-2017-жылдарга карата социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу үчүн сунуштар менен рекомендацияларды даярдоо болуп саналат.
Иш-чарага депутаттар Айнуру Алтыбаева, Наталья Никитенко, Ирина Карамушкина, Өмүрбек Абдрахманов, өкмөт мүчөлөрү, КРнын Президентинин, өкмөттүн аппараттарынын, жарандык коомчулук менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.