Жалал-Абад. Ноокен районуна Соболь үлгүсүндөгү милициянын көчмө кабыл алуу автоунаасы колдонууга берилди

27-июнда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков «Коомдук  коопсуздук демилгеси» долбоорунун жетекчиси Робин Сивордду кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Анда Жалал-Абад облусунун аймагындагы кылмыштуулуктун абалы, кылмыштардын бетинин ачылышы,  кылмыштуулукка каршы алдын ала жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иштер боюнча кыскача Жалал-Абад  ОИИБинин башчысы Жеңишбек Жоробеков баяндап берди. Ошондой эле көйгөйлүү маселелердин бири  болгон мал уурулук, коңшу өлкөлөр менен чечилбей келе жаткан чек арадагы талаш маселелер, баңгизаттарына байланыштуу кылмыш иштери жана экстремизмге каршы жүргүзүлүп жаткан олуттуу иштер боюнча өз ара талкууланып, биргеликте бир топ иш-чараларды өткөрүү белгиленди.

Ал эми «Коомдук коопсуздук демилгеси» долбоорунун жетекчиси Робин Сиворд Жалал-Абад облусунун  Ноокен РИИБине 1 даана Соболь үлгүсүндөгү милициянын көчмө кабыл алуу автоунаасын тапшырып,  мындан кийин дагы коомдук коопсуздукту камсыз кылууда биргеликте иш алып барарын белгилеп кетти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан