Бакыт Эгембердиев аттуу жаран дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын атасы Санташбек Эгембердиев билдирди.
Маалыматтарга караганда, ал 27-июнда Тойота Эстима (мамлекеттик номуру B5287AD) унаасы менен борбор калаадагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Бакыт буга чейин бир жакка чыкканда кабарын билгизбей койчу эмес. Жакындары, достору анын уюлдук телефонуна байланышып көрүшкөн, бирок эч ким алган эмес. Кийин телефону таптакыр өчүп калган. Телефон системи аркылуу ордун аныктоодо акыркы жолу Ысык-Ата району жана Ысык-Көл облусундагы санаторийлердин биринин аймагы көрсөтүлгөн. Учурда туугандары милицияга кайрылышкан.
Бакыт Эгембердиевди көргөн-билгендер болсо, төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар: 0779 70-75-12 (атасы), 0557 55-73-50 (Бакыттын келинчеги) 0700 16-11-30, 0553 11-18-03, 0702 90-69-75, 0555 93-25-96, 0700 99-18-88 (достору).