Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Анда иш-чарага облустук бир катар мекемелердин жетекчилери катышып, Жеңиш Разаков Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана юридикалык жактан калкка жакындан жардам көрсөткөн, өз милдетин мыкты аткарууда жетишкен ийгиликтери үчүн Ардак грамотасы менен юстиция кызматкерлерин сыйлады.
Ошону менен катар аталган кесип ээлерин куттуктап: "Юрист болуу – чоң сыймык жана жоопкерчиликтүү иш. Өлкөдөгү саясий жана социалдык туруктуулук сиздердин аткарган ишиңиздерге тыгыз байланыштуу. Жарандардын укуктарын жана эркиндигин жүзөгө ашырууда, мыйзамдардын так аткарылуусунда сиздердин профессионалдуу иш-аракетиңиздер баа жеткис. Өзүңүздөрдүн талыкпаган эмгегиңиздердин, арыбас аракетиңиздердин аркасында элдин ишенимин арттырып, кандай кыйын абал болбосун, мыйзам чегинде жарандарга кызмат кылып келесиздер. Мындан ары да юристтер өзүнүн милдетин так аткарып, жарандардын кызыкчылыгын коргойт деген ишеничтемин”,- деди ал.