Бүгүн Бишкектеги Гагарин жана Муромск көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2 кабаттуу имаратта өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Өрткө каршы кызматынын Ленин райондук бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматтарга караганда, өрт өчүрүүчүлөр учурда жалынды токтотушту. Күйгөн калдыктарды, чокторду өчүрүү уланып жатат. Өрттүн эмнеден улам келип чыккандыгы такталууда.