"Мыйзамдагы ууру" аталган Азиз Батукаев Чеченстанда колго түшүрүлдү

“Кримавторитет”, "мыйзамдагы ууру" аталган Азиз Батукаев Орусия Федерациясынын курамындагы Чечен Республикасында колго түшүрүлдү. Ал Грозный шаарында Орусиянын ИИМи тарабынан кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар 30-июнда жазып чыгышты.

Маалым болгондой, жакынкы учурда ал Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө берилет. 

Ал эми Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына бул маалыматты тактап жатканын билдирди.

Эске салсак, "мыйзамдагы ууру", 48 жаштагы Азиз Батукаевди 2013-жылдын 9-апрелинде Нарындагы №4-абактан кандын рак илдетине чалдыккандыгы тууралуу медициналык корутундуга таянып бошотушкан. Ошол эле күнү ал туугандары менен Грозныйга учуп кеткен. Бул факты боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. 

“А.Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар” делинген саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, ИИМдин башчысы Абдулда Суранчиев, Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Эрлан Сапарбаевди жоопкерчиликке тартууну аталган комиссия сунуштаган. 

Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча коомчулукта кызуу талкуу жүрүп, күнөөлүүлөр изделип жаткан кезде ошол учурдагы КРнын Вице-премьер-министри Шамиль Атаханов өз каалоосу менен арыз жазып, отставкага кеткен. Ушул эле окуяга катыштыгы бар деп айтылып жаткан акыйкатчы Турсунбек Акун боюнча ЖК өткөн жылы 27-июнда токтом кабыл алып, ал кызматынан четтетилген. 2014-жылдын 23-майында Азиз Батукаевге издөө жарыяланган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
ayakosya
2014-07-02 13:43:19
Алып келип камаса деле Батукаевди 5 жылдыздуу люкс турмого отургузушат. Жылкы союп кымыз менен сыйлашат кайра эле бизге чыгым.
+7
kyrgyz.93
2014-07-02 13:49:57
Ден соолугун сураганы эле барган болуш керек
+1
Sharos
2014-07-02 15:11:50
Максим Бакиев деле колго тушрулду деди эле андан кабар жок. 7-апрелдеги элди аткан 10 снайпер калмалды деди эле андан дагы кабар жок. Бул дагы катардагы элди сороткусу келген жанылыктарды бири окшойт да
+2
LISICHKA
2014-07-02 15:27:13
Эми батукаев силерге куйругун дагы карматпайт,аракет кылбай эле койсонор болот.Же силердин кезектеги полотикалык оюнунар.Аны кармашса чондордун миллиондоп алган акчаларын батукаев он эсе кылып чыгарып алат.
+1
12.12.12
2014-07-02 16:05:27
"Азиз Батукаев Чеченстанда колго түшүрүлдү" деп алакан чаап жыргабай, ошону бошотуп, убагында чара корулбой келген адамдарды камашпайбы! Рафик Мамбеталиев, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси мындай дегени бар экен: – Ал убакта Батукаевди чыгарбай кармап калганга бизге мүмкүнчүлүк берилген жок. Дептир. Демек мунун артында чон саясат, кызыкчылык жатат!
+2
Batyaalka
2014-07-02 17:58:31
Чоон саясат жатканы белгилуу эле да Батукаев качып кеткенде президент бир ооз ачтыбы? бир кундо даяр болгон паспорт. олоруно ас калды деген врачтар. Вор законду бошоткон соттор. Мунун баарын бир гана адамдын приказы болду!
+4
WINNER
2014-07-02 18:35:56
"Рак оорусу козгоп жатыптыр" деп кайра бошотуп жиберишет биздикилер.
-1
Akabai
2014-07-02 20:25:14
Жоок туугандар ал жактын врачтары Батукаевге айтыптыр Нарындын кымызын ичсен айыгасын деп ошондуктан келетат экен колго тушумуш болуп
+2
91mele
2014-07-03 00:45:35
аны кыргызстанга алып келиш жомокко дейм оздору узаткан вор келбеееееейт бугунку бийлик озун тукурун озу алат кайра
0
nurkasym-2014
2014-07-03 08:37:50
Биздин бийлик жалан озулорунун кызыкчылыгы учун иштеп келе жатат ж-а иштей беришет.Учурдагы бийликтегилерди жоготмойунча биздин мамлекет жакында онолбойт.Элибиз озун озу эле багып атат го.
0
chalkan
2014-07-03 10:28:00
nurkasym-2014, Баардыгы партиянын пайдасы, партия менен бийликтесин, мээнин эмне кереги бар, акча табасын, намысынды сатасын.
0
insap
2014-07-03 09:58:40
Ne bolso da kolgo tvxkonv Kyrgyzystan vqvn bir zor iygilik bolgon go...
0
mi-li-na
2014-07-03 13:53:43
"Черный" кучторго бийликтин да алы жетпейт, бул калп эле элди тынчытыш учун айтылган жел соз да. Биздин бийлик озу бошотуп жиберип эми кайра Батукаевди алат бекен хе-хе, кулкулуу го)))
0
Dadin1
2014-07-04 22:01:07
Азизти коюп эле шестеркасы Казбекти алып келип алышсынчы биринчи,4 жылдан бери алып келе алышпайт да анан Азизти алып келет деген бул жон гана жомок.
0
Sharos
2014-07-16 00:48:23
Булардын такыр эле кереги жок да,ворлор президентке иштеп калды окшойт азыр,Рысбек менен Баяман тируу болсо башкача болмок
0
Sharos
2014-07-16 00:53:25
атандын кору вор десе, кимден жедин эле мурдун кыйщыйып калыптыр ошту карап ха-ха
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан