Врачтардын айынан жүрөгүнө ийне сайылып майып болгон Баатырбектин атасы Саламаттыкты сактоо министрлигин сотко берүүнү чечти. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда болгон соттук отурумда айтылды.
Белгилүү болгондой, 2000-жылы Талантбек уулу Баатырбек 1 жаш 8 айга толгон кезде колунан күйүк алып №4-ооруканага келип түшкөн. Ага операция жасатуу зарылчылыгы келип чыгып, дарыланып жаткан мезгилде врачтар бошоп калган катетердеги ийненин жарымын кесип салышып, жарымы денесинде калып калган. Ал учурда врачтар эч кандай ийне баланын денесинде калбаганын айтышкан. Бирок кийин ооруканадан сакайды деп чыгарылган Баатырбектин ден соолугу начарлаганынан улам текшерүүдөн өткөн. Текшерүүдө анын жүрөгүндө белгисиз зат бар экени аныкталып, операция жасалганда жүрөгүнөн узундугу 2,5 жана 7,5 сантиметр ийне табылган. Мындан кийин Баатырбек 43 күн эсине келбеген абалда жатып, сүйлөбөй, кишини тааныбай, баса албай, майып болуп калган.
Бул боюнча Баатырбектин атасы Талантбек Жортушев Ленин райондук сотуна №4-оорукананын врачтары: күйүктөр бөлүмүнүн башчысы К.Сарбанованын, палатанын дарыгери И.Бабичеванын жана хирург Б.Жапаровдун үстүнөн арыз менен кайрылган. 2001-жылдын 12-июнунда сот К.Сарбанова менен Б.Жапаровду “жеңил жаракат келтирген” деп айыптап, кийин мунапыска таяп туруп актап жиберген. Ал эми Бабичеванын үстүнөн сот иши уланып, аны ушул ишке күнөөлүү деп тапкан.
Туура 13 жылдан кийин, тактап айтканда, бүгүн, 2-июлда аталган иш боюнча граждандык сот отуруму уланып, күнөөлүү деп табылган Бабичева жабырлануучу тараптын моралдык чыгымдары үчүн 100 миң сом жана материалдык чыгымдары үчүн 95 миң сом төлөп бермей болду. Ошондой эле Ленин райондук соту №4-оорукананын ошол учурдагы Күйүктөр, азыркы учурдагы Травматологиялык жана ортопедиялык борборунун жалпысынан 100 миң сом акчалай айыпка тартылуусун буйруду.
Бирок майып болгон Баатырбектин атасы Талант Жортушев соттун чечими аны канааттандырбаганын айтып, төмөнкүлөргө токтолду:
“Чынында, биз Баатырбектин дары-дармегине, башка кем-карчысына 100 миң сом коротобуз. Ал эми Бабичева аттуу айымдын бул жерде анчалык деңгээлде деле күнөөсү жок. Айтайын дегеним, "Саламаттык сактоо министрлиги эч кандай моралдык-материалдык чыгым төлөп бербейт" деген чечим чыкты. А негизинен биз Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген жолдомо кагазы менен үй-жайыбызды, оокатыбызды сатып жол кире кылып, Москвага Баатырбекти дарылатуу үчүн жөнөп кеткенбиз. Москвадан биз Саламаттыкты сактоо министрлигинин жолдомосу менен келгенибизди айтсак, биз барган поликлиниканын профессорлору “Эмнеге туура эмес коюлган диагноз менен жиберишет? Эмнеге чыгымыңарды төлөп беришпейт, силерде ушундайбы?” деп таң калышты. Ошончо барган соң дарылаталы деп 6 ай дарылаттык. Бирок акчабыз жетпей келе берген элек. Демек, Саламаттыкты сактоо министрлигинин үстүнөн уулума туура эмес диагноз коюп жана мени эбегейсиз чыгымдарга учуратып Москвага жөнөткөнү үчүн арыз жазам. Андан көрө ошол чыгымга балама канчалаган дары-дармек алып бермекмин. Москвага кетип жатканда жашап жаткан үйүмдү, ошол учурда мага киреше алып келип жаткан тиричилик булактарымдын баарын сатып, акча кылып чогултуп алып кеткем. Эми минтип баламдын күнүмдүк дарысына, батир акысына, тиричиликтеги керектөөлөрүбүздүн баарына каражатты араң таап жашап жатабыз”.
Айта кетсек, учурда Баатырбек 17 жашта. Ден соолугунун айынан улам денеси өспөй калгандыктан, 7-8 жаштагы баладай көрүнөт. Жакындарынын айтымында, Кытайдагы, Германиядагы бир катар ооруканаларга кайрылышканда, Баатырбектин оорусу күчөп кеткендиктен, аны дарылоого мүмкүн болбой калгандыгы тууралуу жооп келген.