Ысык-Көл облустук жол-кайгуул кызматкерине 10 миң сом бербей койгон айдоочу камакка алынды

Ысык-Көл облусунда жол-кайгуул кызматкерине эреже бузганы үчүн 10 миң сом бербеген айдоочу камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда SUPER.KG порталына Ош мамлекеттик университетинин Жаштар комитетинин төрагасы Канат Абулкасым уулу билдирди. Анын айтымында, жол-кайгуул кызматкери өзүнүн аты-жөнүн айтуудан баш тарткан.

Маалыматка ылайык, 1-июлда ОшМУнун алдынкы 60 студенти "Ынтымак кербени" менен жети дубанга саякатка чыгышкан. 5-июлда Ысык-Көлдүн райондорун кыдырып, бүгүн, 6-июлда эртең менен Бишкекке сапар тартышканда Түп районунун жол-кайгуул кызматкери тосуп, бир маршруттук таксинин ээси Замирбек Жороевди "спирт ичимдигин ичкен" деген айып менен убактылуу кармоочу жайга камап, унаасын атайын токтотуучу жайга токтотуп койгон.
"Кечээ, 5-июлда студенттер Жети-Өгүз районуна саякат жасаганбыз. Анда Ысык-Көл облусунун транспорт инспекциясынын жетекчиси Алмаз Сабырбеков саат 10:15тен 11:45ке чейин болбогон айыптарды таап кармап отуруп, андан кийин коё берген болчу. Бүгүн кызматкерлерине дайындаганбы, айтор, Түп районунун жол-кайгуул кызматкери айдоочуларыбыздын бирин "спирт ичимдигин ичкен" деген айып менен камакка алды. Биз айдоочу менен бир аптадан бери жүрөбүз, спирт ичимдигин ичкен эмес. Айдоочубуздун артынан барсак, андан 10 миң сом пара талап кылды, ал 5 миң сом акча берсе, МАИ кызматкери 10 миң сом бериши керектигин айтты. Айдоочу 2 миң сом кошуп берсе, ага да көнгөн жок. Пара берип жаткан учурун айдоочу өзү видеого тартып алган, аны студенттердин баары көчүрүп алышты",- деди Жаштар комитетинин төрагасы Абулкасым уулу Канат.
10 миң пара сураган МАИчи
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Krasnyi.kg
2014-07-06 22:42:57
спирт ичимдигин ичсе 15 мин сомго чейин айып толонот. Жаны зокон чыктыго. Туура кылыптыр.
-1
Multicam
2014-07-07 00:14:44
Krasnyi.kg, бус айдап жургон болсо спирт ичимдигин ичбейт, жоопкерчилик бар. Алкотест менен текшергенби,? экспертизанын жыйынтыгы барбы ?
0
Aksandyk
2014-07-06 22:47:58
Ал жерде ичпеген болчу деп журотко, ал айып пул эмес пара сурап атпайбы жакшылап окусанар
0
Aisanat
2014-07-06 22:59:10
Озунчо еле базар го соодалашып. Еми емне дейбиз мындайдын далайы болсо керек биздин жолдордо.
0
kg5stan
2014-07-06 23:27:48
Айлыктары жетпей айдоочудан суранганго байкуш андан коро башка ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2014-07-07 09:41:51
kg5stan - эскертүү!
Улуттар аралык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
akjol_84
2014-07-06 23:32:36
Канат Абулкасым уулу мен сага кошулам. Артка кайтпа. Миачилер нан жебей эле акча жеп калганбы эмне...
+1
Odik11
2014-07-07 00:29:41
Амалын болсо алигин менен айран чал болуптурго...
0
NooKeN_KG
2014-07-07 01:08:25
Видеону интернет беттерине жайып салгыла! Корсун баары, биздин МАИ кызматкерлеринин кандай иштеп жатканын.
+1
urmat_88-kg
2014-07-07 02:15:49
Чындап акча сураганын тартсанар Интернетке жайып салгыла. Майилерге сабак болсун.
+1
Rusik.
2014-07-07 03:25:00
Мына сага корупция,интернетке студенттердин бироосу киргизеттир кана куто туралычы!
+2
Aisanat
2014-07-07 12:15:18
Rusik., видеону Фейстен кордум. Гаичи тим еле еки мин кошуп койуп кете берчи бекер кеткендей болосун деди го оозду ачтырып. Беш минин чонтогуно салды да дагы согунуп жатат ашатып.
0
depu
2014-07-07 04:12:35
Ынсанбы жок ГАИчилер жыргады,штрафтар которулгондон бери. Соодалары кайнай баштады. Ар дооматты айтып кармап. Законго шылтап коюп,талтайып басып калышты. Жаны закон китепчелерин жатка билип калышса керек,эскисин билишпей ачып издешет эле. Шефтерине соз жок,озуна келген сумманы айтып. Алма быш озума туш болуп,рахмат чондорго штрафтарды которгону учун деп коюп.
+2
depu
2014-07-07 04:18:33
ГАИлер жаны законду силерге эмес,элдерге чыгарды.Кыргыз элим жол эрежелерин сактагыла,болбосо кечирип кой болот деп. Силерди куру доомат м-н акча алсын деген жок,силер билбесенер дагы шефтеринер билет.
-1
nagi82
2014-07-07 06:02:47
Бизде пара алуу бул жонокой ишда чондорго чайды ууртагандай эле оозуна батканын сурап койушат коррупсия менен курошобуз алтындарым деп журотко кеебирки атка минерлер кана курошкону кайрадан бизде куч алып баратат.Оздору баш болуп алып атпайбы дагы кайдагы созду айтышатда.
0
Altunbek76
2014-07-07 07:04:24
Иш амалынарга,форманарга ишенип карапайым элди кыйнабай таза иштесенер маичилер,бала чака дагы адал нерсе жесин.
+1
asiret
2014-07-07 09:24:32
Жургунчулордун баары ОшМУнун каймактары экен. Жакшылап аракет кылып аягына чейин тургула
-1
Мэри
2014-07-07 10:47:20
Кептин баары өзүбүздө да. Эч күнөөсү жок болсо эмнеге 5000 сом, ага кошумча 2000 сом сунуштайт? Өзүнүн укугун коргоп, акырына чейин туруп, арызданчу жакка арызданам дебейби.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан