Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган мыйзам кабыл алынгандан көп убакыт өтө электе мыйзамдын эффекттивдүүлүгүн башка жактан көрсөткөн кырдаал коомчулукта кызуу талкууга алынды. Мыйзам коомдук талкууда турган убакта долбоор адам өмүрүн алган жол кырсыктарынын санын азайтууга багытталганы айтылган. ИИМдин Жол-кайгуул тармагында реформа жүргүзүү максатында кабыл алынган, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыптардын суммасын жогорулатуу демилгеси коррупциялык схемалардагы "ставкалардын" жогорулашына шарт түзгөндөй таасир калтырганы интернет айдыңында кызуу талкууланууда.
Алсак, кечээ, 6-июлда Ысык-Көл облусунда жол-кайгуул кызматкерине 10 миң сом пара бербеген айдоочу камакка алынганы тууралуу маалымат тараган. Түп районунун жол-кайгуул кызматкери тосуп, бир маршруттук таксинин ээси Замирбек Жороевди "спирт ичимдигин ичкен" деген айып менен убактылуу кармоочу жайга камап, унаасын атайын токтотуучу жайга токтотуп койгону айтылган.
Аталган район боюнча Жол-кайгуул кызматынын ага инспектору Мурат Жумабаев бүгүн, 7-июлда SUPER.KG порталына студенттер менен келе жаткан айдоочудан пара алуу фактысы боюнча маалыматы жок экенин айтып, эреже бузган айдоочунун иши сотто караларын билдирди. “Студенттерди салып келе жаткан айдоочу карама-каршы тарапка чыгып айдаган. Аны кызматкерлер эреже бузганы үчүн токтотушканда ал токтобой кетип калган. Кийин аны кармашып, текшерүүдөн өткөргөндө, анын мас абалында экени аныкталган. Бул боюнча бардык протоколдор толтурулган. Эми иш сотто каралат”,- деди Мурат Жумабаев.
Ал эми интернетке тараган видеожазууда Жол-кайгуул кызматынын инспектору акча берип жаткан жаранга колу менен 10 деген санды жаңсап, "ушул суммада акча алып кел" дегени көрүнүп турат.