Кечээ, 7-июлда Жети-Өгүз районундагы Липенко айылында көлгө үй-бүлөсү менен эс алууга келген Каракол шаарынын тургуну сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 1975-жылы туулган Ошурбакиев Карим балдарынын алыстап кеткен баллонун алып келүү үчүн сууга түшүп, чөгүп кеткен. Издөөгө куткаруучулар менен бирге жалпысынан 40 адам катышып, таба алышпаганын маалымдашты аталган министрликтин басма сөз кызматы.