1-ноябрда Нарын шаарында "Тамашоу" Лигасынын облус боюнча 5-сезонунун ачылыш фестивалы болуп өттү. Ага жалпысынан 13 команда катышып, 3 номинацияда жеңүүчүлөр аныкталды. Калыстар "Красавчиктер" командасын "Мыкты команда" деп табышса, "Жылдызняк" командасы "Мыкты тамаша" номинациясында утуп чыкты. Ал эми "Step girls" командасынын өкүлү "Мыкты оюнчу" наамына ээ болду. Ошондой эле фестивалга Бишкектен "Позитив" командасы келип, оюн көрсөтүп кетти.